КИРПИГИ КАТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Уктай албай убара болуу, уйкусу ачылып кетүү, убаралануу. Нечен күндөр уктабай, Кирпиги жаман катыптыр (фольк.). - Бектин кирпиги катып калган. Санаа кесел - бектин кесели, - деди аппак тиштерин кашкайтып (Касымбеков).